Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:54

Улуу Британиянын премьер-министри бүгүн Рим Папасы менен жолукту

Улуу Британиянын премьер-министри Тони Блэр 22-февралда Ватиканда Папа Иоанн-Павел Экинчи менен Ирак маселесин талкуулады. Ватикандын басма сөз катчысынын айтымында, британ өкмөтүнүн башчысын Папа - маселени тынчтык ыкмалары менен чечүүгө үндөдү. Жакында Рим Папасы - согушка каршы чыккан Алманиянын тышкы иштер министри Йошка Фишер жана Ирактын вице-премьер-министри Тарик Азиз менен да жолуккан. 21-февралда Блэр Рим шаарында Италиянын премьер-министри Сильвио Берлускони менен да кездешкен жана Берлускони Иракка каршы согуш баштоону колдогон.
​
XS
SM
MD
LG