Саясий блокторго кошулбаган мамлекеттер кыймылына кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери 22-февралда Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында чогулуп, Иракка каршы биргелешкен билдирүү кабыл алды. Ал билдирүүдө - Багдад өзүнүн кеңири кыруучу куралдарын жок кылууга тийиш деп айтылат. Кээ бир араб өлкөлөрү андан алда канча жумшак билдирүүнун долбоорун сунуштаган, бирок Иран жана АКШны колдогон башка мамлекеттер ага каршы чыкты. Ошол эле учурда, билдирүүдө - маселе мүмкүн болушунча тынчтык ыкмалары менен жана Бириккен Улуттар Уюму аркылуу чечилүүгө тийиш деп айтылат. Кыймылга дүйнөнүн 114 мамлекети кирет.