Түркиянын тышкы иштер министри Ясар Якиштин айтымында, Анкара менен Вошинтон жакында - америкалык аскерлерди Түркиянын аймагында жайгаштыруу маселеси боюнча бир пикирге келет. Түркия парламенти бул маселени эмки аптанын башында карайт. Аскерий базаларды пайдалануу үчүн АКШ Түркияга насыя түрүндө 20 миллиард жана грант түрүндө дагы алты миллиард доллар сунуш кылууда. НАТО уюму да жакында Түркияга кошумча аскерий жардам көрсөтүүгө макул болду, анткени, эгер Иракка каршы согуш башталса, аны менен чек аралаш Түркия да коркунучка дуушар болушу мүмкүн.