Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:51

Эл аралык текшерүүчүлөр Иракка ультиматум койду


Эл аралык текшерүүчүлөрдүн башчысы Ханс Бликс 21-февралда Ирак өкмөтүнө эскертүү жасап, өлкөдөгү "Аль-Самуд-2" үлгүсүндөгү ракеталарды 1-мартка чейин жок кылууну талап кылды. Бириккен Улуттардын эксперттеринин айтымында, аталган ракетелар - мурда Иракка каршы коюлган 150 чакырымдык чектен алыс уча алат. Жаңы талап боюнча, өлкөдө өндүрүлгөн ондогон андай ракеталар, алардын дүрмөттөрү, кыймылдаткычтары жана отуну да жок кылынууга тийиш. Эгер Ханс Бликстин бул талабын Багдад аткарбаса, ал эл аралык инспекторлор менен кызматташпаган болот. Ирак өкмөтүнүн айтымында, "Аль-Самуд" ракеталары белгиленген чектен 10 чакырымга жакын гана алыска уча алат.

XS
SM
MD
LG