Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:23

Кыргызстандын мектептерине Орусия окуу китептерден каралашат


Март айынын этегинде Орусия билим берүү министри Владимир Филиппов расмий иш сапары менен келери болжолдонууда. Бул тууралуу жума күнү билим берүү министри Ишенгүл Болжурова менен бирге Бишкекте өткөргөн маалымат жыйынында Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Евгений Шмагин билдирди. Иш сапарынын учурунда эки өлкөнүн билим берүү министри жогорку билим берүү тармагындагы кызматташтык маселесин талкуулашат. Быйылкы окуу жылында Орусия Кыргызстандын жарандары үчүн жогорку окуу жайлардан 70 орун берген. Ошондой эле орус тилдүу мектептерди жыл ичинде 41 наамдагы 63 миң нуска китеп менен камсыз кылды. Учурда Кыргызстандын орус тилдүү 148 мектебинде, 338 мектептин орус тилдүү класстарында окуучулар орус басмаларынан чыккан окуу китептерден пайдаланышат.

XS
SM
MD
LG