Республикадагы «Эксперт» социологиялык агенттиги өлкөнүн учурдагы экономикалык,саясий абалы жана келечеги, адамдардын күнүмдүк материалдык абалын билүү максатында сурамжылоо өткөргөн. Иликтөөгө катышкандардын 59% өздөрүнүн материалдык абалын «орто» деп баалашса, алардын 20% күнүмдүк жашоосунун «оор» экендигин айтышкан. Жалпысынан суралгандардын 49% 2003-жылдын соңуна карай жашоо абалы оңолоорун билдиришкен. Ал эми сурамжылоого алынгандардын 39% республикадагы саясий абал «туруктуу» дешсе, алардын 20% «өлкөдө саясий кырдаал оор» деп жооп берген. Иликтөө республиканын бардык областарында өткөрүлүп, ага ар түрдүү социалдык абалдагы, ар кыл жаштагы, түрдүү диндеги 518 адам тартылган. Сурамжылоо январь айынын соңку жумасында жүргүзүлгөн.