Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:32

Жалалабадда Мекен коргоочуларга сый көрсөтүлдү


Салатанаттуу жыйынга Жалалабад аскер гарнизондук бөлүктөрдүн жоокерлери, Ата мекендик, Ооган, Чернобыль, Баткен алааматтарынын ардагерлери катышты. 3 жыл мурун Мекенди коргоодо курман болгон жигиттер бир мүнөт үндөбөй туруу менен эскерилди. Орусиянын Волгоград облус губернаторунун буйругу менен 4 карыяга Сталинград салгылашуусу төш белгиси, Ооган согушунун бир катышуусуна СССР президентинин 1991-жылкы указына ылайык «За отвагу» медалы тапшырылды. Облустук гарнизондун 30 жоокери облустук бийликтен ардак-грамота, акчалай белек алышты. Майрамды музыкалык оюн-шок коштоду.

XS
SM
MD
LG