24-февралда Италияда 20дан ашуун өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда экономикалык жыйын өтөт. Дүйнөлүк Банк, Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму, Америка аралык, Азия, Африка Өнүгүү Банктары, Эл аралык өнүгүүнүн Канада агенттиги уюштурган бул форум эки күнгө созулуп, анда өнүгүү жолундагы өлкөлөргө донордук жардам берүү иштерин координациялоо боюнча маселелер талкууланат. Форумга Кыргызстандан вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев катышат. Бул тууралуу 22-февралда Акипресс агенттиги жазды. Болжолдуу маалыматка караганда, эки тараптуу кызматташтыктын чегинде Италияга ушул күздө президент Аскар Акаевдин расмий иш сапар менен барышы да күтүлүүдө.