БИШКЕК. 23-февралда борбор калаадагы «Айчүрөк» соода борборуна түштөн кийин саат 2ге жакын белгисиз адам «дүкөндүн ичине бомба коюлду, 7 минүттөн кийин жарылат», деп телефон чалгандыгын Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынан маалымдашты. Буга байланыштуу тез арада имараттан адамдар чыгарылып, ички иштер министрлигинин, коопсуздук кызматынын, чукул кырдаалдар жана экология министрлигинин Бишкектеги куткаруу бөлүмүнүн, Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жардыргыч заттын бар экендигин аныктоо боюнча текшерүүлөр жүргүзүлдү. Соода борборунун имаратында эч кандай жардыргыч зат табылган жок.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Азиза Турдуева
Редактор – Тынчтыкбек Чоротегин.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Азиза Турдуева
Редактор – Тынчтыкбек Чоротегин.