Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:22

Конституциялык сот чекара талашын кароону улантат


БИШКЕК. 24-февралда Конституциялык сот кыргыз-кытай чек-ара келишими боюнча арызды кароону улантат. Сот жараянына доогер катары Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Исмаил Исаков, Ишенбай Кадырбеков жана Азимбек Бекназаров, ал эми расмий бийлик тарабынан Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев, өлкөнүн тышкы иштер министри Аскар Айтматов, өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов, юстиция министри Курманбек Осмонов, президенттик администрациясынын юридика бөлүмүнүн башчысы Анарбек Исмаилов катышат. Кыргыз-кытай чек-ара келишими боюнча арызды соттук териштирүү 20-февралда башталган. Бирок, депутат Исмаил Исаковдун үйүнө белгисиз бирөөлөр кара май менен аны шылдыңдаган сөздөрдү жазып, депутат Ишенбай Кадырбековдун карындашын белгисиз бирөөлөр сабап кеткендигине байланыштуу сот иши 24-февралга жылдырылган. 1996- жана 1999-жылдары түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде мурда талаштуу деп саналган Кыргызстандын 130 миң гектарга жакын жери Кытайга өткөрүлүп берилген. 2002-жылдын май айында Мыйзам чыгаруу жыйынынын 11 депутаты кыргыз-кытай чек-ара келишими Жогорку Кеңештин кош палатасында Башмыйзамдын бир катар беренелерин бузуу менен ратификацияланган деген арызды Конституциялык сотко жолдогон.

XS
SM
MD
LG