БИШКЕК. 3-курултайдын кийинки отуруму 17-марттан кийин өтөт. Буга чейин курултайдын экинчи бөлүгү 17-март күнү өткөрүлөт деп жарыяланган эле. Бул күнү Жалалабат облусунун Аксы районуна караштуу Боспиек айылында Аксы трагедиясынын бир жылдыгына карата аза күтүү митингинин өткөрүлүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты, «Асаба» кайра жаралуу партиясынын төрагасы Азимбек Бекназаров «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында, азырынча курултай кайсы жерде өтөөрү белгисиз. Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетине Ош, Өзгөн, Талас шаарларынан курултайды ошол жерлерде өткөрүү боюнча сунуштар түштү. Жакынкы күндөрү элдик курултайды жана 17-мартта Боспиекте аза күтүү жыйынын өткөрүүгө байланыштуу уюштуруу маселелерин талкуулоо үчүн бир катар оппозициялык партиялар менен «Президент Акаевди отставкага кетирүү, эл үчүн реформа жүргүзүү» кыймылы атайын жыйын өткөрмөкчү. 3-курултайдын биринчи отуруму Бишкекте 25-январда өткөн.