Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:14

Орусия, Украина, Беларус жана Казакстан эркин соода аймагын түзүшөт


КМШнын курамындагы төрт өлкөнүн – Орусия, Беларус, Украина жана Казакстандын президенттери бүгүн Маскөөдө эркин соода аймагын түзүү тууралуу биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.
Беларус Президенти Александр Лукашенко кабарчыларга "эркин соода аймагында жыл аягына чейин товарлар эркин алмашыла баштоого тийиш" деди.
Өткөн жылы Казакстандын Орусия менен соодасы 12 пайызга, Украина менен соодасы 23 пайызга төмөндөгөн. Казакстандын Беларус менен соодасы эми гана жаңы жолго коюлууда.
Эркин соода боюнча биргелешкен комиссия Киевде жайгашып, жетекчиси казак өкүлү болот. Орус президенти Путиндин айтымында, бул жаңы ынтымакка КМШ өлкөлөрүнөн каалагандар кошула алышат.

XS
SM
MD
LG