Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Бүгүн Ереванда оппозициячыл президенттик талапкерди колдогон демонстрация болду


Армениянын армия башчылары кечээ өкмөткө каршы жүрүштү таркатууда бийликтерге жардам көрсөтөөрүн жарыялаган. Миңдеген демонстранттар өткөн аптадагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын кайра кароону талап кылышты.
Оппозициячыл президенттик талапкер Степан Демирчян шаршембидеги добуш берүүдө жеңип чыктым деп ырастоодо. Бирок бийликтер "учурдагы президент Роберт Кочерян добуштардын жарымынан ашыгын ала албаса да, бардык талапкерлерден көп добуш чогултту, ал эми Демирчянды шайлоочулардын 28 пайызы гана колдоду" деп маалымдады.
Жума күнү Демирчянды колдогон демонстрацияга катышкан 100дөн ашык киши камакка алынган эле.
Президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 5-мартка белгиленген.

XS
SM
MD
LG