Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:15

Таласта балдардын маселеси боюнча эл аралык долбоордун экинчи бөлүгү ишке ашырыла баштады


ТАЛАС. Таласта «Биздин аракетибиз - балдардын келечеги үчүн» деп аталган эл аралык долбоордун экинчи бөлүгү ишке ашырыла баштады. Кыска мөөнөттүк бул долбоор 3 бөлүктөн турат жана ал «Борбордук Азиядагы кызматташтык» деп аталган эл аралык уюмдун колдоосу менен ишке ашырылууда. Уюмдун аймактагы өкүлү Рикки Лайн Уодулдун 24-февралда билдиргенине караганда, Карабуура, Бакайата райондорундагы майып балдары бар 31 үй-бүлөгө бизнес-долбоорлордун негизинде алдыдагы жаз, жай мезгили үчүн финансылык жардам көрсөтүлүп, жүрөк, көз жана жүлүн ооруларынан жабыркаган балдарга оор операциялар ийгиликтүү жасалды. Эми Нооруз майрамына карата облустагы майып балдардын кол өнөрчүлүк боюнча фестивалы өткөрүлүп, жай мезгилинде 200дөн ашуун бала эс алуу лагерлеринде, айрымдары Ысыккөлдө ден-соолуктарын чыңдашат.

XS
SM
MD
LG