ЖАЛАЛАБАД. Эне-баланын өлүмүн азайтууга багытталган, ондон ашык аталыштагы медициналык жабдуу каражаттары Жалалабад облусундагы шаардык жана райондук 12 төрөт үйүнө коюлду. Жабдуулардын арасында операциялык үстөл, кычкылтекти байытуучу жана дем алдыруучу, ара төрөлгөндөрдү жандандыруучу, ымыркайларды жылытуучу жана ультраүндүү аппараттар бар. Германиянын Өнүктүрүү Банкы жабдууларга 3 млн. 400 евро жумшаган. Алардын ичинен 2 млн. 500 миң евролук жабдуу облустук төрөт үйүнө тийди. Жабдуу каражаттарын орноткон германиялык адистер жергиликтүү дарыгерлерди жаңы аппараттар менен иштөөгө үйрөтүп жатышат. Облуста былтыр бир жашка чейин 1000 баланын 19у чарчап калган. Мындай статистикалык маалымат 24-февралда облустук төрөт үйүнөн алынды.
Германиянын каражатына алынган медициналык жабдуу Жалалабад облусунун бардык төрөт үйлөрүнө коюлду