Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:39

Эл аралык Валюта Фонду Кыргызстанга 16 млн. доллар бөлдү


БИШКЕК. Эл аралык Валюта Фонду «Кыргызстанда жакырчылыкты азайтуу жана экономикалык өсүшкө өбөлгө түзүү» аттуу 3 жылдык келишимдин алкагында өлкөгө кезектеги 16 млн. доллар өлчөмүндө кредит бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу маалымат дүйшөмбү күнү Эл аралык Валюта Фондунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн алынды. Кыргыз өкмөтү менен Эл аралык Валюта Фонду 2001-жылы жетишкен 3 жылдык келишимдин алкагында Кыргызстанга 100 млн. доллар бөлүү каралган. Эл аралык Валюта Фондунун аткаруу комитети 21-февралдагы жыйынында Кыргызстан тарабынан 3 жылдык келишимдин аткарылышын карап, «Кыргыз Республикасы макроэкономикалык туруктуулукту сактоодо алдыга жылып, акча-кредит саясатын туура жүргүзүшүнүн негизинде инфляцияны төмөндөтүүгө жетишти. 2002-жылы ички дүң продукция азайды, бирок божомол боюнча ал 2003-жылы өсүүгө тийиш» деп, Кыргызстанга экинчи транш берүү боюнча оң чечим кабыл алды.

XS
SM
MD
LG