Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Конституциялык Сот кыргыз-кытай чек ара макулдашуусу боюнча ишти кароону улантууда


БИШКЕК. 24-февралда Конституциялык Сот кыргыз-кытай чек ара макулдашуусу боюнча 11 депутаттын доо арызын кароону улантты. Бул күнү сот жараянына бийлик тараптан Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев, биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов баштаган өкүлдөр катышса, экинчи тараптан Мыйзам чыгаруу жыйынынын 11 депутатынын атынан Ишенбай Кадырбеков, Исмаил Исаков жана Азимбек Бекназаров катышты. Дүйшөмбү күнү Конституциялык Соттун судьяларынын алдында тышкы иштер министри Аскар Айтматов чыгып сүйлөп, 1996-1999-жылдардагы кыргыз-кытай чек ара макулдашууларынын түзүлүшү жана ратификацияланышы жөнүндө маалымат берди. А. Айтматов мына ушул макулдашуулар менен кыргыз-кытай чек арасы аныкталганын белгиледи. Ал эми министрге суроо берген доо арыз ээлери, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Исмаил Исаков, Азимбек Бекназаров жана Ишенбай Кадырбеков кыргыз-кытай чек арасы падышалык Орусия заманында эле аныкталганын далилдеген фактыларды келтиришти. Сот ишти кароону улантууда.

XS
SM
MD
LG