Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Арменияда шайлоо чатагы уланууда


Президенттик ат салышта үчүнчү болуп келген Арташес Гедамян бүгүн шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деп ырастап, жаңы добуш берүү уюштурууга чакырды.
Өткөн аптадагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы кечээ Ереванда ири демонстрация болуп өткөн эле. Жүрүштө миңдеген киши шайлоодо экинчи болуп келди деп жарыяланган, бирок өзү "мен жеңгем" деп ырастап жаткан оппозициячыл талапкер Степан Демирчянды сүрөөнгө алышты.
Жүрүшкө чейин бийликтер ага уруксат алынбаганын айтышса, президент Кочарян коомдук тартипти бузууга жол бербей тургандыгын эскерткен.
Оппозиция жума күнкү демонстрацияда 100 чакты мүчөсү камакка алынгандыгын айтып жатат.
Расмий эсеп боюнча, биринчи айлампада президент Роберт Кочарян добуштардын дээрлик 50 пайызын, ал эми Демирчян 28 пайызын чогулткан. Экинчи айлампа 5-мартта болот.

XS
SM
MD
LG