Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:02

Вашингтон бүгүн Коопсуздук Кеңешине жаңы резолюция тапшырат


АКШнын өкмөтү "Иракты куралсыздануу убадасынан тайды" деп күнөөлөп, Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине бүгүн жаңы резолюция сунуш этээрин жарыя кылды.
Ал эми Британиянын тышкы иштер министри Жэк Строунун билдиришинче, АКШ менен Британия Багдадга каршы согуш ачууга жол ачуучу резолюциянын эки жуманын ичинде кабыл алынышын каалашат. Британиянын Коргонуу катчысы Жефф Хун бүгүн Кувейт шаарында буларды айтты:
- Ирак президенти Саддам Хуссейн кыргын салуучу куралдын жардамы менен гана Жакынкы Чыгыштагы таасирин сактап калам деп ойлойт. Ушул үчүн гана ал дүйнөдөгү тынчтыкка коркунуч келтирген негизги күч болуп саналат.
Анын аралыгында, Франция бүгүн АКШ сунуш эте турган резолюцияга каршы экенин эскертип, өзү курал инспекциясынын мөөнөтүн тактаган резолюция киргизээрин маалымдады.
Бейжинде АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл менен жолуккандан кийин, Кытайдын вице-президенти Ху Цзинтао Иракты саясий жол менен куралсыздандырууга чакырды.
Ал эми Багдадда орусиялык арачы Евгений Примаковду кабыл алган Саддам Хуссейн Ирак Бириккен Улуттардын курал инспекторлору менен толук кызматташат деп ишендирди.

XS
SM
MD
LG