Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:27

Бишкекте саясий партияларга арналган жыйын өттү


БИШКЕК. 25-февралда Бишкекте «Келечек долбоору» коомдук фонду «Саясий партиялар Кыргызстандын коомдук институттарынын системасында» деген темада тегерек үстөл жыйынын өткөрдү. Ага Кыргызстандагы 20га жакын саясий партиялардын, коомдук, социологиялык иликтөө уюмдарынын, ошондой эле бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Жыйында Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги кеңсесинин башчысы Айдын Идил, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, «Менин өлкөм» саясий партиясынын жетекчилеринин бири Зайнидин Курманов ж.б. чыгып сүйлөштү. Тегерек үстөл жыйынынын катышуучулары Кыргызстандагы саясий партиялар өткөөл мезгилдеги өнүгүү жолунда экендигин белгилеп, мындан ары алардын коомдогу ээлеген ролун жогорулатуу жөнүндө өз пикирлерин ортого салышты.
Бүгүнкү күндө Юстиция министрлигинде 41 саясий партия расмий каттоодон өткөн жана Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында учурда «Саясий партиялар жөнүндөгү» мыйзамдын жаңы долбоору иштелүүдө.

XS
SM
MD
LG