Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Кыргыз делегациясы Ооганстанга иш сапары менен барат


БИШКЕК. 28-февралда Ооганстанга Кыргыз Республикасынын тышкы соода жана өнөр жай министри Садриддин Жиенбековдун башчылыгындагы делегациясы иш сапары менен барат. Бул иш сапардын негизги максаты - Кыргызстан менен Ооганстандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди чыңдоо, ооган элине жардам көрсөтүүнүн жолдорун, Кыргызстандын өнөр жай продукциясын Ооганстанга экспорттоого байланыштуу маселелерди талкуулоо. Кыргыз делегациясынын курамына ошондой эле Билим берүү жана маданият, Айыл жана суу чарба министрликтеринин, «Кыргызстан аба жолдору» Улуттук авиакомпаниясынын өкүлдөрү, ишкерлер тобу кирет.

XS
SM
MD
LG