Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:21

Конституциялык Сот кыргыз-кытай чек ара макулдашуусун кароону улантууда


БИШКЕК. 25-февралда Конституциялык Сот кыргыз-кытай чек ара макулдашуусу боюнча маселени кароону улантты. Бул күнү Конституциялык Соттун судьялары эки тараптын сөзүн угуп бүтүп, тараптар болсо бири-бирине суроо берүүнү аяктап, корутунду сөздөрүн сүйлөп киришти. Адегенде доо арыз берген тараптан Исмаил Исаков, Азимбек Бекназаров сөз сүйлөп, 1996- жана 1999-жылдардагы кыргыз-кытай чек ара макулдашуулары Кыргызстандын чек арасынын өзгөрүлүшүнө алып келгенин, демек ал парламентте эки окуудан өткөрүлүп, депутаттардын жалпы санынын 3/2 синин добушу менен ратификацияланышы керектигин эске салышты. Алар Конституциянын бул талаптары аткарылбагандыгын белгилеп, ратификациялоону жокко чыгарууну соттон өтүнүштү. Ага каршы сөз сүйлөгөн Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев, депутат Зайнидин Курманов кыргыз-кытай чек ара макулдашуулары мыйзамдуу түрдө ратификацияланганын белгилеп, соттон доогерлердин талабын четке кагууну суранышты. Конституциялык Сот ишти кароону улантууда.

XS
SM
MD
LG