Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Армян оппозициясынын 100дөй өкүлү камакка алынды


Жергиликтүү прокуратура ырастагандай, алар 15 күнгө камалды. Камоолор өткөн шаршембиде болгон президенттик шайлоодон кийин жүргүзүлгөн. Армян оппозициясы шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деп эсептейт. Дем алыш күндөрү 40 миңдей адам президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирип, Ереван шаарынын көчөлөрүнө демонстрацияга чыккан эле. Алар президентикке талапкер Степан Демирчиян жеңүүчү деп жарыяланышын талап кылышкан. Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, азыркы президент Роберт Кочарян шайлоонун биринчи айлампасында добуштардын 49,8% топтоп, жеңип чыгуу үчүн талап кылынган чекке бир аз гана жетпей калды. Шайлоонун 5-мартка белгилеген экинчи айлампасында Роберт Кочарян менен оппозициядагы Элдик демократиялык партиянын лидери Степан Демирчиян атаандашат.

XS
SM
MD
LG