Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:56

Кытайдын жер титирөөгө кабылган түндүк - батыш бөлүгүндө куткаруу иштери улантылууда


Күчү Рихтер шкаласы боюнча 6,8 баллды түзгөн жер титирөө Кытайдын Тажикстан жана Кыргызстан менен чектеш Шинжаң чөлкөмүндө кечээ болгон. Мамлекеттик телекөрсөтүүнүн соңку маалыматына караганда, жер титирөөдөн 260 адам мерт болду, 2050 адам катуу жаракат алды. Мындан сырткары 8800дөй турак үй, 900дөй мектептин имараты талкаланган. "Синьхуа " жаңылыктар агенттиги кабарлагандай, куткаруу иштерине 5000 миңден ашуун аскерлер, полиция кызматкерлери тартылууда.

XS
SM
MD
LG