Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

Куралсыздануу жөнүндөгү талаптарды толук аткаруусу гана Иракты согуштан сактайт


Бул тууралуу бүгүн британ премьери Тони Блэр билдирди. Т.Блэр шейшемби күнү британ парламентинде сүйлөгөн учурунда белгилегендей, БУУнун куралсыздануу жөнүндөгү талаптарын 100% аткаруусу гана Багдадга чатакты тынчтык жол менен чечүүдөгү соңку мүмкүнчүлүктү тартуулай алат. Т.Блэрдин айтымында, Германия менен Франциянын массалык кыргын салуучу куралдарды издөөнү улантуу жөнүндөгү планы ылайыксыз жана Ирактын бийликтеринин активдүү кызматташтыгысыз - инспекторлор андай куралдарды табаары күмөндүү:
- Ирак-болжол менен эсептегенде аймагы Франция же Испанияныкына тең келген өлкө. Инспекторлор курал-жарактардын же аларга тиешелүү документтердин изин Ирактын бийликтеринин жардамысыз эле таба алат деген идея – абсурд.
Кечээ Британия, Испания жана АКШ БУУнун Коопсуздук Кеңешине Иракты күч менен куралсыздандырууну караган жаңы резолюциянын долбоорун тапшырды. Франция жана Германия болсо, Орусия жана Кытайдын колдоосу менен Коопсуздук Кеңешине Иракта бери дегенде төрт айга инспекцияны улантууну караган сунуштарын берди. Ирак маселесин талкуулоо үчүн шейшемби күнү Орусияга немец канцлери Герхард Шрөдөр келүүдө. Бүгүн Ирактын өзүндө инспекторлор 14 жайды текшерди.

XS
SM
MD
LG