Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:00

АЛМАТЫ ОБЛУСТУК СОТУ CЕРГЕЙ ДУВАНОВДУН АПЕЛЛЯЦИЯЛЫК АРЫЗЫН КАРАМАКЧЫ


Жаркын Темирбаева, Прага Казакстандын көз каранды эмес журналисти Сергей Дувановдун адвокаттары Карасай райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу жана аны толук актоо өтүнүчү менен Алматы облустук сотуна кайрылышты.

Өткөн жылдын октябрь айынан бери Алматы шаарынын абагында отурган белгилүү журналист Сергей Дувановдун адвокаттары Виталий Воронов жана Серик Сарсеновдор, Карасай райондук сотунун 28-январдагы чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Алматы облустук сотуна кайрылышкан, бирок сот протоколу Дувановдун жана анын адвокаттарынын колуна 19-февраль күнү гана тийген. Ошого байланыштуу адвокаттар Дувановдун апелляциялык арызын облустук сотто кароону кийинки айга жылдырууну суранышты. Адвокаттар көп томдон турган айып папкесин үч күндүн ичинде карап бүтпөй тургандыктарын, бул үчүн жок эле дегенде он күн талап кылынарын билдиришти.

Ошону менен бирге адвокаттар Дувановдун иши боюнча топтолгон тергөө материалдарынын ичинде айрым маалыматтар жок болуп чыкканын айтууда. Ал эми беш айдан бери абакта жаткан Дуванов соттун корутундусу менен алигече тааныша элек. Анткени Карасай райондук соту айыпталуучуга протоколду кечиктирип берген жана сот аныктамаларынын толук тексти дагы эле берилбей жатат, деп жазышат адвокаттар.

Карасай райондук соту протоколду бир нече күнгө кечиктирип бергенине карабай, облустук соттун Дувановдун ишин чукул арада кароону сунуш кылып жатышы соттордун аткаруу бийлигинен көз карандылыгын дагы бир жолу бышыктайт дешет байкоочулар.

Казакстандын көз карандысыз журналисти Сергей Дуванов Алматы облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан балакатка жете элек кызды зордоду деген кылмыш доосу менен кармалып, аны Карасай райондук соту үч жарым жылга эркинен ажыраткан. Дувановдун өзү жана анын жактоочулары бул айыпты четке кагып, сот жараянын бийликтердин эркин журналистке карата кысымы катары баалашууда. Сергей Дувановдун учурдагы соттук иши боюнча талаш-тартыш тууралуу Алматыдагы Дувановду коргоо уюмунун мүчөсү Маржан Аспандияр кызы да ушундай деп ырастады.

Ал эми Азаттык радиосунун Казак бөлүгүнүн кызматкери Жусуп Султан Хан Казакстанда коомчулук Сергей Дувановдун үстүнөн кылмыш ишти биротоло токтотуп, аны абактан бошотуу талабын коюп жаткан учур дейт.

Казакстандагы төбөсү көрүнгөн журналист, белгилүү укук коргоочу Сергей Дувановдун соту боюнча өз пикирин билдирген Европа парламенти да Дувановду 14 жашар кызды зордоду деген айып - жалган жалаа, сот иши - саясый куугунтук деп баалады жана райондук сот чечимин жокко чыгаруу керек деген пикирди колдоду. Европа парламенти бул маселеде Дувановдун адвокаттарынын аны актоо тууралуу облустук сотко кайрылуусун негиздүү деп эсептейт.

Казакстандын оппозициялык партиялары менен коомдук уюмдарынын өкүлдөрү Дувановдун үстүнөн козголгон кылмыш ишин Астананын көрсөтмөсү деп баалашууда. Жакынкы күндөрдө Дувановдун апелляциялык арызы Алматы облустук сотунда каралуусу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG