Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:14

«Арнамыс» партиясы ижарага кеңсе таппай жатат


БИШКЕК. «Мамлекеттик органдар «Арнамыс» партиясына ижарага орун берүүдөн баш тартууда. Мындай өтүнүч менен ондогон мамлекеттик мекемелерге кайрылдык. Бирок андан натыйжа чыга элек», - деп билдирди шаршемби күнү «Арнамыс» партиясынын штаб башчысы Эмил Алиев. Анын айтымында, партия 26-февралдагы Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигине, ага чейин «Акыл» мамлекеттик концернине кайрылганда, алар «биз тынч жашагыбыз келет» деп жооп беришкен. Оппозициялык маанайдагы «Арнамыс» партиясы февраль айынын башында Бишкектин Москва көчөсүндө жайгашкан кеңсесинен чыгып кетүүгө мажбур болгон эле. Эмил Алиев «партияны кеңседен чыгаруу бийликтин кысымы менен жасалды» десе, бийлик өкүлдөрү анын мындай дооматын четке кагууда.

XS
SM
MD
LG