Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

Март айында Кыргызстан элдеринин курултайы өткөрүлөт


БИШКЕК. Кыргызстан Элинин Ассамблеясынын жана коомдук уюмдардын демилгеси менен 6-мартта Кыргызстан элдеринин курултайын өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынды. Бул тууралуу шаршемби күнү Ассамблеянын башчысы Иса Токоев билдирди. Анын айтымында, президент Аскар Акаев курултай өткөрүү боюнча демилгечи топ менен шейшембиде жолугушуп, бул демилгени колдоду. «Бишкектеги Токтогул атындагы филармонияда өткөрүлө турган курултайга өлкөнүн бардык региондорунан 640 делегат чакырылат. Алардын ичинде оппозиция өкүлдөрү да бар», - деди Иса Токоев. Ал эми оппозиция лидерлеринин бири Өмүрбек Текебаевдин шаршембидеги билдирүүсүнө караганда, алар бийлик тарабынан уюштурулуп жаткан курултайга катышуу маселесин азырынча чече элек. Бирок оппозициялык күчтөрдүн Үчүнчү элдик курултайын 17-мартта өткөрүүгө даярдыктар көрүлүүдө.

XS
SM
MD
LG