БИШКЕК. Бишкектин Ленин райондук соту борбор калаанын тургуну Акин Токталиевдин «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсаловго каршы берген доо арызын шейшембиде канааттандырган жок. Бул тууралуу 26-февралда Эдил Байсалов кабарлады. Анын маалыматына караганда, сот «Эдил Байсаловдун былтыр 27-декабрда жарыялаган катында доогердин адамдык ар-намысы менен беделине шек келтире турган негиздер жок» деген чечимге келди. Акин Токталиев «Коалициянын президенти Эдил Байсалов «Моя столица» гезитине жарыялаган катында «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдык тарыхы бар экендигине күнөм саноого журналисттин укугу бар» деген пикири кыргыз жараны катары ар-намысыма, беделиме шек келтирди» деп сотко арыз жолдоп, Эдил Байсаловдон 50 миң, гезит редакциясынан беш миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн болчу.
Бейөкмөт уюмдар коалициясынын жетекчисине каршы берилген доо арызды сот канааттандырган жок