Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

ОРУСИЯЛЫК БАСМА СӨЗДӨ


Муса Мураталиев, Москва Орусиялык басма сөздүн темаларынан.

Бишкекке АКШ конгрессинин делегациясы келип кеткендиги туурасында “Коммерсант” гезити жазат. “Российские вести” КМШ өлкөлөрүнүн ички жана тышкы саясатындагы жагдайды териштирет.Москвада өткөн төрт президенттин жолугушуусун сырттан көз салуучулар сынга алышууда.

“Независимая газетадагы” пикиринде саясий технология Борборунун жетекчилеринин бири Дмитрий Орлов: «Москвада өткөн төрт президент саммити элден мурда Ирак маселеси боюнча кандайдыр бир концепция иштеп чыгуу үчүн Путин сүйлөшкөнү Кучма, Лукашенко, Назарбаевди чакыргансып көрүнгөн. Бирок талкууга алынган тема экономикадагы кызматташуу деп билдирилди. Буга дейре КМШ президенттер «жалпы чогулуп», «чакан тобу» чогулуп өткөрүп жүргөн саммиттер жакшы натыйжа бере алган эмес, ошондуктан «төртөөнүн саммити» деле солгун олтурум болгонунан кабар берет», - деп жазат.

Ушул эле маселени ар тараптан карап чыккан макала «Коммерсантта» басылды.
Анда 1993-жылы 24-сентябрде Москвада өткөн олтурумда Шериктештикке кирген өлкөлөр Экономикалык союзу уюшулганы кеп болот. Ага 8 өлкө, анын ичинде Кыргызстан да кирип, «эркин соода зонасын түзүү» үчүн келишим түзүшкөн. Арадан бир жыл өтпөй (1994-жылы 10-сентябрде) КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери кайра да Москвада чогулганда «Төлөөчүлүк союзун» түзүшкөн. Арадан төрт ай өткөндө ( 1995-жылы 6-январда) Минск калаасында КМШнын бажылык союзу түзүлгөн. 2000-жылы 10-октябрде «Евроазиялык экономикалык уюму» түзүлгөн», - деп санап чыккан.

«Новые Известия» 20-февралдан тартып чыкпай калды.
Буга бийликтин суук көзү себепкер болду дешет. Ал туурасында газетанын редколлегия мүчөсү Отто Лацис мындай ой айтат:
- Ооба, биздин газета, кийинки жылдары президенттин өзүнөн тартып Орусия мамлекетинин ишмердүүлүгүнө дейре сынды көп айткан. Ооба, андай сын бийликке кийинки учурда жакпай калган, эмне дегенде шайлоо өтүүчү жылдын алды келип калды.

«Долларга – басма сөз эркиндиги» деген макала «Правдага» чыкты.
Борборазиядагы демократия Батыштын каржылоосуна жараша өнүгүп калды деген шааниде жазылган бул макалада Кыргызстанда ачылганы жаткан Эл аралык басмакана туурасында кеп болот.
Ал басмакана мамлекеттик уюмдарга баш ийбеген ишкана болот. «Кыргызстанда маанилүү саясий окуя маалында басмаканага монополиялык кылган тарап бөйрөктөн шыйрак чыгарып, улам бир шылтоо менен оппозициялык гезиттерди баспай коюучу»,- деп жазат автор. Бишкекте басмакананы курууга америкалык "Freedom House" уюму 800 миң доллар бөлгөн. «Бул Кошмо Штаттардын КМШ өлкөлөрүндө демократияны орнотуу программасынын бир бөлүгү. Маселен, мурдагы жылы Кыргызстанга бөлүнгөн 50 миллион доллардын 12 миллионго чукулу гана «демократиялык кайра жаралууга жумшалган», - деп жазат автор.

«Время МН» Бишкекке цирк оюнун көргөзгөнү барып, илбирс уурдап кетмек болгон шылуундар туурасында жазат.«Москва-Империал» аталыштагы менчик цирк Кыргызстанга Москвадан коноктоп келип, оюн көргөзүп жүрөбүз дешкен. Бирок бажыканада териштире келгенде «Казакстандан эле келген оюнчулар экени аныкталган жана Кыргызстандан илбирс уурдап баратышкан»,-деп жазат газета.
XS
SM
MD
LG