Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

МАГАТЭ уюму Түндүк Корея атомдук реакторун иштетүүгө киришти деген маалыматтарды өкүнүү менен кабыл алды


Пхеньян Йонбон атомдук электростанциясындагы реакторун1994-жылы тоңдурулгандан бери биринчи ирэт иштете баштады деген кабарды өткөн түнү америкалык расмий өкүлдөргө шилтеме берип, Батыш маалымат агентикттери тараткан. МАГАТЭнин бүгүнкү билдирүүсүндө көрсөтүлгөндөй, алар Пхеньян Йонбондогу атомдук реакторун иштетүүнү уюмдун эксперттеринин көзөмөлүсүз баштаганына каршы. Йонбондогу атомдук реактор өзөктүк курал жасоодо керектелүүчү зат-плутонийди өндүрүүгө жөндөмдүү. Түндүк Корея МАГАТЭнин эксперттерин өлкөдөн өткөн жылдын декабрында чыгарып жиберген. Ушул айдын башында МАГАТЭнин жетекчилиги БУУнун Коопсуздук Кеңешинен Түндүк Корея маселесин кароону суранган болчу.
Орусия жана Кытай АКШ менен Түндүк Корея Пхеньяндын өзөктүк куралдар программасына байланышкан кризисти жөндөө үчүн түз сүйлөшүүсү керек деп эсептейт. Бул тууралуу орус тышкы иштер министри Игорь Ивановдун Кытайдын вице-президенти Ху Цзиньтао жана тышкы иштер министри Тан Цзясюань менен Пекинде болгон жолугушуусунан соң таратылган билдирүүдө айтылат.

XS
SM
MD
LG