Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:53

Босниялык сербдердин мурдагы президенти 11 жылга эркинен ажыратылды


72 жаштагы Биляне Плавшичке карата мындай өкүмдү БУУнун аскерий кылмыштар боюнча Гаагадагы трибуналы чыгарды. Ал 90-жылдардын биринчи жарымында, Босниядагы согуш учурунда серб отряддары мыкаачылык иштерге баруусуна жол бергени үчүн айыпталган. Прокурорлор трибуналдан Плавшичти15 жылдан 25 жылга чейин эркинен ажыратууну сунушташса, адвокаттар айыпкердин жаш курагын эсепке алып, ага сегиз жылдан ашык жаза чектебөөнү өтүнүшкөн. Сот жараянында төрагалык кылган судья Ричард Мей айыпкерге азыркыдан жеңил жаза берүү мүмкүн эместигин белгиледи:
-Ашыкча жумшактык кылуу ылайыксыз болмок. Сот чыгарган өкүмдөрдүн эч бири-миңдеген жабырлануучулар баштан кечирүүгө туура келген үрөй учурган окуяларды толук чагылдыра албайт.
Биляне Плавшич - Гаага трибуналынын он жылкы тарыхында жоопко тартылган балкандык саясатчылардын кызматы жагынан эң жогорусу.

XS
SM
MD
LG