Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Ирак боюнча жаңы резолюциянын долбоорун бейрасмий жагдайда талкуулайт


АКШ, Британия, Испания сунуш кылган резолюциянын айланасында алгачкы талкуу бейшемби күнү башталууда.Документте Иракты күч менен куралсыздандыруу мүмкүнчүлүгү каралган. Ирак тууралуу АКШ президенти Жорж Буш менен Орусия президенти Владмир Путиндин бүгүнкү телефон сүйлөшүүсүндө да сөз болду. Сүйлөшүүлөрдөн соң орус президентинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта эки тарап "Ирак проблемасын чечүү боюнча жалпы дүйнөлүк коомчулуктун кызыкчылыктарына жооп берген аракеттердин планына жетүү үчүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин ишин активдештирүү ниетин билдиришти",- деп айтылат. "Си – Эн – Эн " телеканалы жана "Франсс Пресс" агенттиги бүгүн АКШнын коргоо министрлигинин аты аталбаган өкүлдөрүнө шилтеме берип Ирактын элиталык деп эсептелген Республикалык гвардиясына кирген күчтөрдүн бир бөлүгү өлкөнүн түндүк тарабынан президент Саддам Хусейндин кичи мекени Тикрит шаарын көздөй көчүрүлгөнүн кабарлашты. Ирактын өзүндө инспекторлор бүгүн алты жайды текшерди.

XS
SM
MD
LG