Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:55

«Тамчы» эл аралык аба майданына айландырылат


БИШКЕК. Ысыккөл облусундагы чала курулган «Тамчы» аба майданынын жагдайы менен кеңири таанышканы 6-мартта Кыргызстанга Япониянын транспорт тармагындагы кызматташтык боюнча агенттигинин (JTCA) жана «Шимидзу» корпорациясынын адистери келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу 27-февралда «Манас» аба майданынын башкы инженери Абдумалик Бусурманкулов билдирди. «Тамчы» аэропортунун курулушу 1975-жылы башталып, 1982-жылы токтоп калган. Бул аралыкта аба майданынын 2000 метрлик учуп-конуучу жолу, жүргүнчүлөр жана кызматчылар үчүн имараттын пайдубалы курулган. Кыргыз өкмөтү аны эл аралык аба майданына айландырууну көздөп, инвестиция тартууга аракет кылып жатат. Транспорт жана байланыш министрлигинин эсебине караганда, аба майданын реконструкциялаш үчүн 20 миллион доллар талап кылынат. Анын абалы менен алгачкы жолу Япониянын «Шимидзу» корпорациясынын адистери өткөн жылдын аягында таанышып кетишкен.

XS
SM
MD
LG