Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:58

Кыргыз өкмөтү адам сатууга каршы күрөш маселесин талкуулады


БИШКЕК. 27-февралда адамдарды мыйзамсыз алып кетүүгө жана сатууга каршы күрөш боюнча президенттин алдындагы улуттук кеңештин жыйыны болду. Анда киши сатуу фактысына бөгөт коюунун жолдору талкууланды. Жыйында белгиленген маалыматтарга караганда, чет өлкөгө ишке орноштуруу боюнча адистешкен 8 гана фирма расмий каттоодон өткөн. Бирок көптөгөн жашыруун фирмалар азыр өңчөй кыз-келиндерди сыртка сатуу менен алектенет. Эмгек миграциясы боюнча эл аралык уюмдун мындан эки жыл мурунку маалыматына караганда, жылына 4 миң кыз-келин чет өлкөгө сойкулук үчүн сатылып турат. Киши саткандар адатта Кыргызстандын паспортторун көп пайдаланышат. Жыйында мындай кылмыш менен күрөшүү үчүн Кыргызстандын тиешелүү мыйзамдарынын беренелериндеги жазаны күчөтүү, паспорт берүүнү жана фирмалардын ишин тыкыр көзөмөлдөө зарылдыгы белгиленди.
Жыйында киши соодасына каршы күрөшүүчү улуттук кеңешти жетектөө милдети эми биринчи вице-премьер-министр, юстиция министри Курманбек Осмоновго тапшырылды. Бул уюм былтыр түзүлүп, аны буга чейин мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов жетектеп келген.

XS
SM
MD
LG