Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:18

Жалалабад шаарынын мэриясы оппозициялык кыймылдын облустук бөлүмүнүн өтүнүчүн канааттандырган жок


ЖАЛАЛАБАД. Жалалабад шаарынын мэриясы «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын облустук бөлүмүнүн өтүнүчүн канааттандырган жок. 28-февралда бөлүмдүн жетекчиси Медер Үсөновдон алынган маалыматка караганда, уюм 2-февралдагы референдумдун жыйынтыгын элдин катышуусунда талкулаш үчүн облустук театрдын алдында митинг өткөрүүнү суранмак болгон. Кайрылууну каттатууга Медер Үсөнов шаар башчынын биринчи орун басары Садыр Айтбаев менен мэриянын жалпы бөлүмүнө 5 жолу барган. Алар шаар башчы убактылуу жоктугун айтышып, митинг өткөрүү өтүнүчүн кабыл алуудан баш тартышкан. Ал эми шаар башчысынын биринчи орун басары Садыр Айтбаев өз кезегинде мэрдин жоктугун ырастап, М. Үсөновдун бир жолу келгенин айтты.

XS
SM
MD
LG