Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:53

Эл аралык басма үйүнүн алдында маалымат борбору иштей турган болду


БИШКЕК. Кыргызстанда ачыла турган эл аралык басма үйүнүн алдында «Адам укуктары жаатындагы демилгелерди колдоо» аттуу долбоордун негизинде маалымат борбору иш алып барат. Бул тууралуу 28-февралда «Freedom House» эл аралык уюмунун Бишкектеги кеңсесинин башчысы Стюарт Кан маалымдады. Маалымат борборунун ишин жүргүзүү максатында азыр өлкө боюнча волонтердук негизде жумушчу топ куралууда. Ал топ 25 адамдан туруп, алар адам укуктарын жана сөз эркиндигин коргоо багытында иш алып барышат. Топтун мүчөлөрү Кыргызстандын жана жалпы эле Фергана өрөөнүнүн аймагында ушул эки багыт боюнча иликтөө жүргүзүп, анын негизинде сунуштарды даярдашат.
«Freedom House» уюмунун Бишкектеги кеңсеси былтыр ачылган. Ал ушул эле жылы Кыргызстанда эл аралык басма үйүн негиздөөгө киришкен.

XS
SM
MD
LG