Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:33

Эл аралык Валюта Фонду Кыргызстанга өз эксперттерин жөнөттү


БИШКЕК. 27-февралда Бишкекке Эл аралык Валюта Фондунун Тапио Саавалайнен башында турган миссиясы келди. Эксперттер Кыргызстанда бир апта болуп, бул аралыкта Эл аралык Валюта Фондунун жакырчылыкты жоюу жана экономикалык өсүшкө көмөктөшүү боюнча азыр иштеп жаткан программасынын үчүнчү траншынын аткарылышын талдап, мындан аркы кызматташтыктын багыттарын божомолдойт. Фонддун миссиясы Финансы министрлиги менен макроэкономикалык саясат, бюджеттик киреше-чыгаша, бажы кирешелери, кыймылсыз мүлккө салык маселелерин талкуулайт. Ошондой эле эксперттер Улуттук Банктын, Энергетика боюнча мамлекеттик агенттиктин, Социалдык фонддун жетекчилери менен да тиешелүү маселелерди талкуулашы күтүлөт. Эл аралык Валюта Фондунун аткаруу кеңеши Кыргызстанга жакырчылыкты жоюу жана экономикалык өсүшкө көмөктөшүү багытында үч жылдык программаны ишке киргизүү тууралуу чечимди 2001-жылдын 6-декабрында кабыл алган. 2004-жылдын акырына чейинки мөөнөткө эсептелген кредиттин жалпы суммасы 100 миллион долларга жакын каражатты түзөт. Программанын ишке ашырылышына эксперттер жылына эки жолу байкоо жүргүзүп кетет.

XS
SM
MD
LG