БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясы Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаровдун колуна референдумда пайдаланылган бир нече бюллетендер кандайча түшүп калганын териштирүүнү өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу жума күнү Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Азимбек Бекназаров өзүнүн референдумдан кийин Европа Биримдигинин комитетинин отурумуна катышып келгендиги жөнүндө ушул аптанын башында «Моя столица» гезитине интервью берген. Өз сөзүндө ал Кыргызстандагы референдумдун мыйзамсыз өткөндүгүнүн далили катары бир студенттин колунан алынган, күн мурунтадан чийилген бир нече бюллетенди Европарламенттин депутаттарына көрсөткөндүгүн айткан.