Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:38

Кипрдин грек жана түрк лидерлери тынчтык келишимге кол коюу маселесин 10-мартка чейин чечүүгө макулдашышты


НИКОСИЯ. Бүгүн Никосияда БУУнун баш катчысы Аннан Грек Кипр жумуриятынын президенти болуп шайланган Тассос Пападопулос жана түрк кипрликтердин лидери Рауф Деңкташ менен жолугушту. Улуттар Уюмунун тынчтык планы бул эки этник жамааттын федерация түзүүсүн сунуш кылат. Эки тарап тең уюмдун планына ынана бербейт. Кипрлик гректер аралга 20 миң эле грек качкындын кайтып келүүсүнө уруксат этилип жатканына нааразы. Түрктөр болсо аларга тийешелүү мейкиндиктин эл аралык коомчулук тарабынан расмий таанылуусун талап кылышат. Эгерде эки тарап өз ара орток пикирге келишпесе, келерки жылы Европа Биримдигине Грек Кипр жумурияты эле кабыл алынат.

XS
SM
MD
LG