КАНДАГАР. Ооганстандын коопсуздук кызматынын маалымдашынча, күзөттөгү кароол көчөдө эки ракета жатканын көрүп, аларды коопсуздандыруу үчүн сапёрлорду чакырган, бирок ракеталар сапёрлор келгиче эле жарылып кеткен. Өткөн чакта болгон ушундай эле окуялардын жоопкерчилиги Талибан менен Ал-Кайида топторуна жүктөлгөн эле. Кандагардагы жардыруу ушул жуманын ичинде болгон үчүнчү окуя. Дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү Кандагар шаары менен Нимзор провинциясында өкмөт адамдарынын үйлөрүнүн жанында бомба жарылган.