Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:44

Өткөн түнү Грузиянын Панкиси капчыгайында ички иштер министрлигинин кыдырма кароолу аткылоого дуушар болду


ТБИЛИСИ. Министрликтин өкүлү окуя Жоколо жана Дуиси кыштактарын байланыштырган жолдо болгонун айтат. Андан жабыркагандар жөнүндө маалымдалбайт. Министрлик Панкиси капчыгайында дагы ондогон куралчан кылмышкерлер калып жатканын жана куралдуу күчтөрдөн турган патрулдар капчыгайда тартипти орнотуу аракеттерин уланта турганын билдирет. Былтыр Орусия Грузияны "чечен козголоңчулардын капчыгайда баш бааналап жатканын этибарга албай жатат" деп айыптап, эгерде Грузия капчыгайды чечен козголоңчуларынан тазалабаса, Капчыгайга өз аскерлерин киргизүүгө кесеген болчу. Грузин күчтөрү капчыгайды тазалоо үчүн бир нече операцияны ишке ашырышкан.

XS
SM
MD
LG