БАЛИ, ИНДОНЕЗИЯ. Аза каадасына террактта курман болгон туристтердин мекенинен келген өкүлдөр катышты. Баары болуп 185 кишинин сөөктөрүнүн калдыктары өрттөлдү. Былтыр 12-октябрда Индонезиянын курорттук шаарында болгон террордук кол салуудан 202 киши курман болгон. Бул терракт 2001-жылы 11-сентябрда болгон теракттан кийинки эң кандуу кол салуу болгон. Курман болгондордун ичинде 20 өлкөнүн туристтери бар эле. Терракттын жоопкерчилиги Ал-Кайида уюмуна жүктөлгөн.
Бүгүн Балинин тургундары өткөн октябрда болгон террордук кол салууда курман болгондордун сөөктөрүн өрттөштү