Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:21

Түндүк Корея АКШны эки корей өлкөсүн өз ара кайраштырып, согуш ачууга аракеттенип жатат деп айыптады


СЕУЛ. Түндүк Кореянын расмий кабар агенттиги тараткан билдирүүдө 21-февралдан бери Американын тыңчы учактары КЭДРдин аба мейкиндигине тынбай чабыттап кирип, келип жаткандыгы билдирилет. Жакында Американын өкүлдөрү Түндүк Корея Йең Беңдеги атомдук электростанцияны ишке киргизгенин тастыктаган фотоматериалдарды тараткан.
Анын аралыгында Түштүк Кореянын президенти Но Му Хен Түндүк Корея кризисин тез арада жөнгө салууга убада берди. Өткөн шейшембиде ант берген президент бүгүн япон оторчулугуна каршы көтөрүлүштүн 84- жылдык мааракесинде сөз сүйлөп, Сеул Түндүк Кореянын ядролук программасына каршы экенин дагы бир жолу кайталады. Президент непадам Корей жарым аралында согуш чыгып кетсе, аны токтотууга мүмкүн болбой кала турганын эскертти. Мааракеге арналган иш чараларга миңдеген түштүк кореялыктар катышты. Алар АКШнын Түштүк Кореяда жайгаштырылган аскерлерине колдоо көрсөтүп, Түндүк Кореянын ядролук программасына каршылык билдиришти.

XS
SM
MD
LG