ВАТИКАН. Рим католик чиркөөсүнүн башчысы папа Иоан Павел Экинчи Жорж Бушка жолдогон катында АКШнын Иракка согуш ачуусуна терең кабатыр болуп жатканын билдирет. Бул жөнүндө тараткан билдирүүсүндө Ватикан Иракка каршы көрүлө турган аскердик чараларды адилетсиз деп сыпаттайт. Ошондой эле Ватикан Иракка каршы көрүлүп жаткан экономикалык чараларга да каршы жана Ирак проблемасын тынчтык жолу менен жөнгө салууну талап кылат.
Бүгүн Ватикан келерки жумада АКШнын президентине кат жолдоп, Вашингтонго жогорку даражалуу кардиналын жибере турганын билдирди