Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:37

Бир катар өлкөлөрдө Иракта согушту болтурбоону талап кылган демонстрациялар өттү


АНКАРА. Йеменден баштап, Боснияга чейинки мейкиндиктеги мамлекеттерде он миңдеген адамдар көчөгө чыгышты. Анкарада 20 миңге жакын киши демонстрация өткөрүшүп, түрк парламентинен АКШлык аскерлерди жайгаштыруу сунушун четке кагууну талап кылышты. Парламенттин жанына чогулган демонстранттардын алдын жүздөгөн полиция кызматкерлери торошту.
Йемендин баш калаасы Санаада 300 миң киши Америкага жана Израилге каршы демонстрация өткөрдү. Мысырда, Араб лигасынын саммитти өтүп жаткан Шарм-ал-Шейкте 2000 студент демонстрация өткөрүштү. Боснияда мусулмандар үстөмдүк кылган Тузла шаарында 2000дей демонстрант Иракка согуш ачууга каршылык көрсөтүштү.

XS
SM
MD
LG