Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

Өкмөт салык топтоону атайын жыйында талкуулады


БИШКЕК. 1-мартта премьер-министр Николай Танаев айыл чарба продукциясына кошумча нарк салыгынын киргизилишине байланыштуу жыйын өткөрдү. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, жыйында айыл чарба азыктарын сатууга киргизилген кошумча нарк салыгы дыйкандар менен айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчүлөргө оорчулук келтирбей, мамлекет казынасына киреше алып келээри айтылды. Жыйында маалымдалгандай, Кыргызстан кредит берүүчүлөрдүн Париж клубу менен түзгөн макулдашуулардагы шарттарды толугу менен аткарса, 2005-жылы республиканын 500 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү карызы кечирилет. Салык мыйзамына кошумча, толуктоо киргизүү жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынышы Париж клубу менен түзүлгөн макулдашууда каралган шарттардын бири. 2003-жылкы бюджеттен 23 млн. АКШ доллары тышкы карызга төлөнмөкчү. Кыргызстан эларалык каржы уюмдарынын программаларын аткара албаса, үстүбүздөгү жылы 100 млн. доллар дагы төлөшкө мажбур болот.

XS
SM
MD
LG