Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:52

Бейөкмөт уюмдар башчысы укугун коргоодо


БИШКЕК. «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын башчысы Эдиль Байсалов жекшембиде Аламүдүн районуна караштуу Ташмойнок айылындагы аскердик госпиталдан чыгарылган жок. Э.Байсаловдун «Азаттык» радиосуна билдиргенине караганда, анын № 44549 аскер бөлүгүнүн командири полковник Нурманбет Сартовго жолдогон арызынын негизинде ишембиде республиканын аскердик прокуратурасы тергөө ишин баштады. 1-март күнү кечинде госпиталга республиканын аскердик прокурорунун орун басары келип, Э. Байсаловго каршы мыйзамсыз иш-аракеттер жасалгандыгын, ал 3-мартта ооруканадан чыгарылаарын билдирди. Коалиция жетекчиси бул иш боюнча сотко арызданарын айтты: «Мага карата соңку күндөрү жасалган аракеттердин баары мыйзамсыз. Ошондуктан, мен прокуратура, сот органдарына кайрылып, адвокаттарды жалдап, өзүмдүн укуктарымды коргоого даярданып жатам».

XS
SM
MD
LG