Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:51

Израилдик аскерлердин жаңы жортуулу


Израилдик аскерлер танктар менен тикучарлардын (вертолеттордун) коштоосунда Газа секторунун түштүгүндөгү Хан Юнус шаарчасына жортуул жасашты.
Келген маалыматтарга караганда, жортуул учурундагы салгылашууда палестиналык эки жаран окко кабылып өлдү, дагы 35 палестиналык жарадар болду. Израил тараптан эки жоокер жараат алган.
Израил армиясынын билдиришинче, аскерий операция мезгилинде палестин согушчандары израилдик кыштактар менен маалаларды ракетадан жана артиллериялык куралдардан аткылоо үчүн колдонгон имараттар менен жабыттар кыйратылган.

XS
SM
MD
LG