Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:07

Нарын облусунун администрациясы «Тарыхый инсан» аттуу кароо–сынак өткөрүүнү чечти


НАРЫН. Нарын облусунун администрациясы «Тарыхый инсан» аттуу кароо–сынак өткөрүү тууралуу чечим чыгарды. 3-мартта облус акимчилигинен алынган маалымат боюнча, кароо-сынакка бардык райондор жана облустук мекеме-ишканалар катышып, кыргыз мамлекетин түптөөгө өзгөчө эмгек сиңирген жана эрдик көрсөткөн жарандар тууралуу спектаклдерди даярдап көрсөтүшөт, же дастан айтышып, ыр-бий түрүндөгү маданий иш-чараларды аткарышат. Кароо-сынак 31-августта өтө турган Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнүнө карата жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат. Ал эми тарыхый инсан катары Манас, Кошой, Тайлак баатыр, Курманжан датка, Шабдан баатыр сыяктуу инсандардын ишмердиги даңазаланат.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG